Бишкекте электр жарыгы калыбына келтириле баштады

  • 2 года мурун

Бишкекте электр жарыгы калыбына келтириле баштады. Энергетика министрлиги жарык берүүнү калыбына келтирүү бир нече саатка созулушу мүмкүн экенин билдирди.

Бүгүн, 25-январда,  күндүзгү саат 12лер чамасында Кыргызстандын аймагында жарык өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор азиялык шакекчедеги авариядан улам өчкөнүн билдирди.

Жарыктын өчүшү Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык шакекчесиндеги авариядан улам болгондугун Улуттук энергохолдинг билдирди.

“Кыргызстан энергошакекчеден чыгып 30 мүнөттө өзүбүз жарыкты калыбына келтиребиз” деди министрликтин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова.

Электр энергиясы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанда  үзгүлтүккө учурагандыгы маалым болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан. :

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты