Электр мамыга чыгып, түшө албай калган кыз куткарылды  

  • 5 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Айни көчөсүндө кечээ, 15-июнда болжол менен 18-20 жаштагы кыз (аты-жөнү такталууда) жогорку чыңалуудагы темир электр мамычасына чыгып алып, түшө албай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, темир электр мамычадан кызды аман-эсен түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты