Электр энергиясына жаңы – чектөөсүз тариф киргизилүүдө

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча 2022-жылга керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн электр жана жылуулук энергиясына карай колдонуудагы тарифтерди сактоо чечими кабыл алынды.

Буга катар электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн электр энергиясына жаңы тариф 5 сом 4 тыйын өлчөмүндө бекитилди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жарандардын бул категориясы үчүн электр энергиясын көп керектөөчүлөр катары тариф колдонулат, б.а. 252,0 тыйын × 2,0 коэффициент, же 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 504,0 тыйын. Тариф керектелген электр энергиянын жалпы көлөмүнө тиешелүү, мында 700 кВт сааттык керектөө нормасы колдонулбайт.

Жаңы тариф келишим боюнча ыктыярдуу негизде колдонулуп, электр энергиясын жана анын кубаттуулугун чектөөсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты