Электр энергиясын керектөөчү менен жабдуучунун оротосундагы мамиле кандай болушу керек?

  • 2 года мурун

Электр энергиясын керектөөчү менен жабдуучунун (мисалы «Түндүк электро») ортосундагы мамиле жарандык кодекс, «Электр энергетикасы жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдары менен, андан башка электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынган.

-Ушулардын негизинде керектөөчү менен жабдуучунун ортосунда келишим түзүлөт. Биз маани бербегенибиз менен, келишим баарыбыздын колубузда бар. Талаш-тартыш чыкса ошол келишим сот үчүн негизги документ болот.

Келишимдин типтүү нускамасы Өкмөт тарабынан бекитилген. Мисалы келишимде жабдып туруучу керектөөчүгө 1 сутка мурун жалпыга маалымдоо каражаттары же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу электр энергиясын пландалган чектөөлөр же өчүрүүлөр, алардын себеби жана мөөнөтү жөнүндө билдирүүгө милдетүү деп так көрсөтүлүп турат.

Мыйзамдар боюнча жабдып туруучу менен керектөөчүнүн ортосунда чек бар. Жабдып туруучуга чектен ары (үйдүн ичинде) өтүүгө тыюу салынат.

Клара Сооронкулова мыйзамдардын жана келишимдин калган жагдайларын жана керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу эртең саат 18.00 түз эфирде айтып беребиз деп билдирди. Сурооңуздарды даярдай бергиле.

Буга чейин айрым аймактарда электр жылыткычтарын пайдаланууга тыюу салган учурлар катталган.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты