“Электр энергиясы бизде арзан”. Президент электр энергиясын элибиз үнөмдүү пайдаланбай жатканын айтты

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде элибиз электр энергиясы арзан деп эле үнөмдүү пайдаланбай жатканын билдирди.

-Электр энергиясы бизде арзан. Өздүк наркы 2,72 болсо, элге 1 сом 10 тыйындан сатып жатабыз. Мындан тышкары, “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында 69 миң үй-бүлөгө электр энергиясын 55 тыйын менен берип жатабыз. Ошондой эле тоолуу аймакта жашаган жалпы саны 186 миң керектөөчүгө 1 сом 10 тыйындан эч кандай чектөөсү жок берип жатабыз, -деди мамлекет башчы.

Ошондой эле элибиз электр энергиясын үнөмдүү пайдаланбай жатканына токтолду:

-Элибиз дагы кайдыгер болуп жатат. Арзан деп эле, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат. Жөнөкөй эле бөлмө ичиндеги жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Мен муну көп жерден көрүп, “кереги жок бөлмөдөгү светти өчүрүп койсоңор боло” деп эскертип да жүрөм. Ар бир күйүп турган свет үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан светти үнөмдүү пайдалангылачы.

Мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлер, жетекчилер, мектеп, бала-бакчалар “мамлекет төлөйт” деген жоопкерчиликсиз мамилеси менен иш бөлмөлөрдөгү, имараттардагы электр жарыгын өчүрбөй калтырып кетишет. Көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрбөй коюшат. Ушунун баары таасир этип жатат.

Эми 30 жыл чыдаган элибиз 3-4 жылга чейин бир аз чыдап турса. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүтсө, кубаттуулугу 1860 МВт болуп, электр энергиясынын тартыштыгы толук жоюлат. Бардыгын электр кубатына өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк болот. Электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн көптөгөн тапшырмаларды берип жатам, керек болсо, 30-жылдардан кийин кышкысын да экспортко чыгабыз,-деди Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты