Президент электр энергияга болгон баа кымбаттай турганын жарыялады

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров электр энергияга болгон баа кымбаттай турганын жарыялады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Акыркы 15 жылдан бери кышкы мезгилде өзүбүздөн чыккан электр энергия жетпей (жай мезгилинде өзүбүздүкү жетет) кошуна өлкөлөрдөн 3 миллиард кВт саат электр энергиясын 3 сомдун тегерегинде импорт кылып сатып алып келебиз. (Мурда 5 сомго чейин алып жүргөн экенбиз). Аны элге 77 тыйындан беребиз, андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 тыйындан, тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон аймактарга 77 тыйындан лимитсиз берилип, ортодогу айырма баягы эле энергетика тармагынын 137 миллиард карызынын үстүнө карыз болуп кошулуп келет. Былтыр биз тарифтерди кандай кылдык? Тоо кен казган тармактарга 5 сом 04 тыйын, мамлекеттик жана орто ишканаларга 3 сом 40 тыйын ал эми, элге 0,77 тыйындан калтырдык. Ушундай жол менен энергетика тармагынын карызын өстүрбөй кармап туралы деген аракет болуп жатат. Келечекте карызды толук жабабыз. Энергетика тармагы мамлекетти кышта дагы толук кандуу өзүбүздүн электр энергиябыз менен тейлөөгө мүмкүнчүлүк алат. Ал үчүн, ушул тапта 50гө жакын орто жана кичи ГЭСтер курулуп, Камбар Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.

Эми бүгүнкү айрым жерлерде свет өчүп жаткан маселеге токтолойун. Азыркы учурдагы энергетика тармагында болуп жаткан жагдайлар боюнча түздөн түз маалымат алып жатам, веердик өчүрүүлөр болгон жок, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулап, электр жабдууларга күч келүүдө. Ошого байланыштуу, электр жабдыктарды сактоо максатында жана авариялык өчүрүүнүн алдын алуу үчүн электр энергиясын өчүрүүгө аргасыз болууда. Эгерде электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иштери өз убагында аткарылбаса, бул Кыргызстандын энергетикалык тутумун гана эмес жалпы Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык тутумун системалуу аварияга алып келиши мүмкүн. (2022-жылдын 25-январындагы системалык авария кайра кайталануу коопсуздугу жаралышы мүмкүн).

Кыскасы ток этер жерин айтсам, эскилиги жетип, жүрбөй калган машинаны капиталдык оңдоодон өткөрүп алгандай эле, өкмөт электр жабдуулардын эскилиги жеткендигине карабастан, кесипкөй адистерибиздин күчү менен кышка жакшы даярдык көрүп алганбыз. Кудай буюрса кыштан жакшы эле чыгабыз. Анча мынча ыңгайсыздыктарды жараткан болсок жалпы элден кечирим сурайбыз.

Бирок жылдан жылга энергетикалык системабыз оңолуу жолуна бара жатат. Ал үчүн бардык күч аракеттерди жумшап жатабыз. Сөзүмдүн акырында элге кайрылаарым, жогорудагылардын баарын эске алуу менен, ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тарифти 77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз. Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Себеби бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп олтуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт. Калганын өзүңүздөр талдап көрсөңүздөр болот», — деп жазды Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты