Элдик курултайдын күн тартиби бекитилди

  • 1 год мурун

Мамлекеттик катчы, элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы астында уюштуруу комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Жыйында уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда биринчи элдик курултайдын күн тартиби бекитилип, элдик курултайдын иш регламентинин жана эмблемасынын долбоорлору жактырылды.

Биринчи элдик курултайда делегаттардын суроолору каттоого алынып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жарыяланат. Жыйын Президенттин жыйынтыктоочу сөзү менен аяктайт.

Президентитин 15-августтагы жарлыгына ылайык элдик курултай курамы 1074 делегаттан турат.

Анын ичинде:

— административдик-аймактык бирдиктерден — 1036 делегат;

— чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан — 28 делегат;

— конфессиялык коомчулуктардан — 10 делегат.

Ал эми административдик-аймактык бирдиктерден делегаттардын шайланып келүүсүнө төмөнкүдөй квота каралган:

— 452 айыл аймагынын ар биринен экиден (904 делегат);

— облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);

— Бишкек шаарынан алтымыш жана Ош шаарынан отуз (90 делегат).

Биринчи элдик курултай 25-ноябрда Бишкек шаарында өтөт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты