Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча, башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый салты болуп саналган курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.

Биринчи элдик курултай 25-ноябрда Бишкек шаарында өтөт.

Бул жарлык менен биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди:

Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович – Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич – «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Абыкеев Чолпонбек – президенттин кеңешчиси, «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

Борубашов Бекбосун Ишенбекович – президенттин кеңешчиси, 2020-жылдагы конституциялык кеңешменин төрагасы;

Айтиев Замирбек Каримович – президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;

Алымбаев Абдрахман (Байас Турал) – «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Арабаев Чолпонкул Исаевич – «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Дуйшеев Кубанычбек Турдумамбетович – «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Кошалиев Кадырали Амиракулович – «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Райымкулов Билим Сардалбекович – адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Жунушалиев Айбек Жанышбекович – президенттик администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Укушов Мурат Каниметович – президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;

Кожоев Мирбек Кокулбаевич – президенттик администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Туманбаев Каныбек Тургунбекович – президенттин иш башкаруучусу;

Алимбаев Абдикарим Карбекович – президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Алымбаев Нурил Джайылбекович – президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жамалдинов Зиядин Исламович – президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Нарбеков Бакытбек Наркулович – президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сыргабаев Абсаттар Токтогулович – президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич – президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Эргешов Алтынбек Калдарович – президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – Бишкек шаарынын мэри;

Мамбетов Алмаз Ишенбекович – Ош шаарынын мэри.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты