IV элдик курултай 22-декабрда эмес, 25-декабрда өтөт. Өткөрүү күнү өзгөртүлдү

  • 4 недели мурун

Кезектеги IV элдик курултай мурда белгиленгендей, 22-декабрда эмес, 25 -декабрда өтөт. Курултайды өткөрүү датасын өзгөртүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин IV элдик курултай 22-декабрда өтөрү тууралуу жарлык чыккан. Ал жарлыкка өзгөртүү киргизилип, 25-декабрда өтөрү белгиленди.

Элдик курултайдын 700 (жети жүз) делегаты болот, элдик курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу түзүлөт. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби улуттук кеңеш тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген жобонун негизинде аныкталат.

Иллюстрациялык архивдик сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты