Марат Иманкулов мамлекеттик катчы болуп дайындалды  

  • 6 месяцев мурун

Сүйүнбек Касмамбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик катчы кызматынан бошотулду. Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов мурдагы кызматынан бошотулуп, мамлекеттик катчы болуп дайындалды.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов мурдагы кызматынан бошотулуп, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Ал эми Руслан Мукамбетов  коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.

Сүрөттө: Марат Иманкулов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты