Элчилик: Москвадагы «Садовод» базарындагы өрттөн кыргызстандыктар жабыркаган жок

  • 8 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги Москва шаарынын “Садовод” базарындагы өрттөн кыргызстандыктар жабыркабаганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, элчилик кызматкерлери аталган базарда иштеген кыргызстандыктар менен жолугушкан. 350 дөй киши ал жактан эвакуацияланган.  Базарда иштеген кыргызстандыктардын арасында жабыркагандар болгон эмес.

Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 1-декабрдагы Москва шаарынын «Садовод» базарындагы өрт учурунда бир киши жабыркган. Өрт 600 чарчы метр жерге жеткен. «Тилсиз жоону» өчүрүү беш саат убакытты алган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, Москванын түштүк-чыгышындагы “Садовод” базары Европадагы  ири базарлардын бири. Анын аянты 40 гектарды түзөт, ичинде 9,5 миң дүкөн бар. Базарда 20 миң киши иштейт.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты