Элчи: Алматыдагы башаламандыкта бир кыргызстандык каза болду

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Алматыдагы башаламандыкта бир кыргыз жараны каза болгонун кабарлады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу жазды.

«Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеген бир кыргызстандык жаран каза тапты. Анын тек-жайын аныктоо, сөөгүн алып келүү боюнча элчиликтин кызматкерлери иштеп жатат», — деди ал.

Элчи Дүйшекеевдин айтымында, Казакстандын күч түзүмдөрү соңку окуялардан Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу расмий маалымат бере элек. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын атуулдарына жардам берүү үчүн атайын ыкчам байланыш номурларын уюштурган.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы азырынча белгисиз. Бийлик буга байаныштуу расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги 164 адам өлгөнүн жарыялаган, бирок көп өтпөй өкмөт муну «техникалык» ката деген негизде четке каккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты