Кудайберген Базарбаев Казакстандагы элчи болуп дайындалды

  • 4 недели мурун

Кудайберген Базарбаев Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Дастан Дүйшекеев дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордунан бошотулду.

Кдайберген Базарбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду.

Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.

Сүрөттө: Кудайберген Базарбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты