Бийликти күч менен басып алуу максатын көздөөгө шектелип, соцтармак колдонуучу кармалды
- 1 год мурун
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын (ОИИББ) кызматкерлери тарабынан бийликти күч менен басып алуу максатын көздөгөн жана массалык башаламандыкты уюштурууга жана даярдоого шектүү кармалды.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт Чүй ОИИББге катталып, кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) боюнча кылмыш иши козголгон.
“Тергөө учурунда аталган материалдар «Берик Держинский» фейк аккаунтунда «Facebook» социалдык тармагында жарыялангандыгы аныкталган, бул аккаунт 1975-жылы туулган жаран О.Б.га таандык экендеги аныкталган. Аккаунтта бийликти күч менен басып алууга багытталган жана бийликтин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө, массалык башаламандыкка чакырган посттор жарыяланган. Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу боюнча, бул публикацияларда азыркы бийликтин кулатылышына жана массалык башаламандыкка чакырыктар болгондугу аныкталган» деп айтылат маалыматта.
Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү адамдын тек-жайы аныкталып, мурда бир нече жолу соттолгон 1975-жылы туулган О.Б. экендиги аныкталган.
2025-жылдын 11-февралында кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 1975-жылы туулган О.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




