Футбол: Алматынын “Кайрат” командасы “Реал Мадридден” 0:5 эсебинде утулду
- 10 месяцев мурун
30-сентябрда Алматынын “Кайрат” футбол командасы “Реал Мадрид” командасы менен Алматыда чемпиондор лигасында беттешип, 0:5 эсебинде утулду.
Беттеш Алматынын борбордук стадионунда өттү.
Kazinform маалыматы боюнча, 26-сентябрдан 29-сентябрга чейин “Кайрат” менен “Реал Мадриддин” беттешин көрүү үчүн 5 миңден ашык чет өлкөлүк туристтер келди. Негизги коноктор Кытай, Индия, Россия, Япония, Улуу Британия , Испания, Чехия, КМШ ж.б. Европа өлкөлөрүнөн келди.
Казакстан Европанын чемпиондор лигасына биринчи жолу чыгып, футбол күйөрмандарын кубантты. Бул мелдеш “Кайрат” командасынын жеңилиши менен аяктаса дагы, тажрыйба алып келмекчи.
Сүрөттө: Reuters
Муну бөлүшүү




