Алматыда аэропорт кызматкерин барымтага алып, бычак кесеген киши колго түштү
- 1 неделя мурун
- Видео
Алматынын аэропортунда эркек киши аэропорт кызматкерин чачтан тартып, барымтага алып, бычак кесеген видео социалдык тармактарга тарады.
Казакстан ЖМК маалыматы боюнча, окуя бүгүн, 7-мартта болгон. Саат 11:45те ички каттам терминалынын учуу алдындагы көзөмөл бөлүмүнө келген киши аэропорт кызматкери анын документин көрсөтүүнү суранганда, аны барымтага алган видео тасмада эркек киши аэропорттун кызматкерин чачтан тартып барымтада кармап турат, бир колунда — миздүү бычак. Аэропорт кызматкери ыйлап, анын туткунунда калды. Тегерегинде — аэропорт кызматкерлери, жүргүнчүлөр болгон. Экинчи видеодо бычак кесеп, кызды барымтага алган киши колго түшкөн учуру. Аны ошол аэропорттон бир киши алдап, барымтадагы кыздын ордуна өзү туруп, андан кийин коркуткан кишиден бычакты тартып алып, жерге жыкты. Бул учурда аэропорттун коопсуздук кызматкерлери жабылып, тигини колго түшүрүп алып кетишти.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эр жүрөк кишини аэропорттогу эрдиги үчүн сыйлыкка татыктуу экенин билдирди.
Сүрөт: Видеотасмадан