Елабуга шаарында дрон чабуулунан жабыркагандардын арасындагы кыргызстандык жеңил жаракат алган

  • 4 недели мурун

Татарстандын Елабуга шаарында жайгашкан объектилерге болгон пилотсуз учак аппараттарынын чабуулунан жаракат алган Кыргыз Республикасынын жараны жеңил жаракат алган жана дарылануу үчүн Казань шаарындагы балдар ооруканасына которулууда.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 2-апрелде билдирди.

«2-апрелде Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы башкы консулдугунун кызматкерлери Татарстандын Елабуга шаарында жайгашкан объектилерге болгон пилотсуз учак аппараттарынын чабуулунан жаракат алган Кыргыз Республикасынын жаранынын абалынан кабар алышты. Жабыркаган жаран жеңил жаракат алып, дарылануу үчүн Казань шаарынын балдар ооруканасына которулууда» деп айтылат маалыматта.

Бул маселе министрликтин жана Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы башкы консулдугунун көзөмөлүндө тургандыгы кабарланды.

Буга чейин Татарстандын Елабуга шаарында жайгашкан объектилерге болгон пилотсуз учак аппараттарынын чабуулунан улам алты адам жабыркаганы, алардын бири Кыргыз Республикасынын жараны 2007-жылы туулган И.А.Б. экени жана жаракат алгандыгы кабарланган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты