Елабуга шаарында учкучсуз учак аппарат чабуулунан адамдар жабыркады. Алардын бири — кыргызстандык

  • 1 месяц мурун

Татарстандын Елабуга шаарында жайгашкан объектилерге болгон пилотсуз учак аппараттарынын чабуулунан улам алты адам жабыркады. Алардын бирөө — Кыргыз Республикасынын жараны 2007-жылы туулган И.А.Б., орточо оордуктагы жаракат алган.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери бүгүн жаракат алган Кыргыз Республикасынын жаранынын ден соолугунун абалы тууралуу кабар алганы бара турганы маалымдалды.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты