«Эл негизи жок козголбой турганын жадыбыздан чыгарбашыбыз кажет». Президенттин кайрылуусу

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Кайрылууда март революциясынын тарыхтагы орду тууралуу айтылат

“Мына ошол 2005-жылдын 24-мартына чейин эле коррупцияга белчесинен баткан, үй-бүлөлүк башкаруусун билмексен болгон текебер бийликке эскертүү берип, сес көрсөтүп, акыры элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын жогору койгондордун эсебин колуна берип, тарыхый бурулуш жасаган. Мамлекеттүүлүккө таасири зор мындай өзгөчө окуя, урунттуу учурлар баарыбызга сабак болушу керек» деп айтылат кайрылууда.  

«Баш мыйзамыбызда бадырая белгиленип жазылган бийликтин чыныгы ээси эл экенин эч качан унутпашыбыз зарыл. Эл жөндөн жөн эле толкубастыгын, негизи жок эле козголбой турганын жадыбыздан чыгарбашыбыз кажет. Кокус мунун баарын көз жаздымда калтырып, кайдыгер мамиле кылсак, бийликтин ээси болгон элибиз дагы, калыбынан жазбаган карт тарых дагы кечирбейт.Эгемен Кыргызстаныбызга адилеттүү башкаруу жана ынтымак керек. Ошондо өнүгүү болот, ошондо өсүү болот. Журтубуздун биримдиги арта берсин, эл кызматындагылар элдин үмүт-тилеги менен максат-мүдөөсүнө жетүүсүн камсыз кылалы. Эгемен Кыргызстан үчүн баарыбыз жоопкерчиликти сезе билели. Өлкөбүздө тынчтык болсун!” деп белгиленди кайрылууда.

2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция “Жоогазын революциясы” деген ат менен белгилүү болуп, анда эл коррупциясыз, адилеттүү коом курууга түп көтөрүлүп чыгып, бийлик алмашкан. Быйыл март революциясына 19 жыл болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты