“Эл Үмүтү” партиясынан талапкер ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган”. Маалыматты текшеребиз

Ноябрь айынын башында Пери Орозбекова аттуу “Фейсбук” колдонуучусу “Эл Үмүтү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамирбек Давлянов 2017-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгын жетектеп турганда ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган” деген билдирүү калтырган. Маалымат булагы катары «Вести.kg» маалымат порталын көрсөткөн. 

Мындан тышкары ал Давляновдун шайлоо фондуна 1 миллион 500 миң сом которгонун жазып, өмүр бою ички иштер органдарында иштеген адам мындай көлөмдөгү акчаны кайдан алды деген суроону койгон. 

“Эл Үмүтү” партиясынан талапкер ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган”. Маалыматты текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтын аныктыгын текшерип көрдү

Дамирбек Давлянов деген ким?

Дамирбек Давлянов — Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери. Ишмердүүлүгүн 2007-жылы Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнөн баштаган. Ушул эле тармакта бир канча жетекчилик кызматты аркалап жүрүп,  2018-жылы ИИМдин запастагы курамына жөнөтүлгөн. 

Давлянов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого “Эл Үмүтү” социал-саясий партиясынан аттанып жатат. Ал талапкерлердин тизмесинде 5-катарда орун алган.

“Эл Үмүтү” партиясынан талапкер ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган”. Маалыматты текшеребиз

Жумушсуз талапкер шайлоо фондуна 1,5 миллион сом которгон

5-ноябрда Дамирбек Давлянов “Эл Үмүтү” партиясынын шайлоо фондуна 1 миллион 500 миң сом өлчөмүндө акча каражатын которгон жана ал акча өздүк каражаты экенин көрсөткөн.

“Эл Үмүтү” партиясынан талапкер ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган”. Маалыматты текшеребиз

“Талапкер” порталындагы маалыматка ылайык, Дамирбек Давлянов учурда жумушсуз. Биз ачык булактардан Давляновго тиешелүү Кыргызстандын аймагында катталган ишкана же компанияны дагы таба алган жокпуз. 

“Эл Үмүтү” партиясынан талапкер ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган”. Маалыматты текшеребиз

2018-жылдан бери расмий түрдө эч бир жерде иштебеген адамдын шайлоо фондуна 1,5 миллион сом которуусу, чынында күмөн ойлорду жаратчудай. 

Давляновдун кармалуусу боюнча 

2017-жылдын 19-ноябрында vesti.kg сайтында “ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси кызматкерлери менен кармалдыбы?” аталышындагы жаңылык жарык көргөн. 

Анда аталган башкармалыктын жетекчиси Дамирбек Давляновдун УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалганы жазылган. Автор маалымат булагы катары порталдын күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарын көрсөткөн. 

Мындан тышкары “Вести.kg” редакциясы бул маалыматтын чын-бышыгын тактоо үчүн тиешелүү органдарга кайрылары кабарланган.

“Эл Үмүтү” партиясынан талапкер ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган”. Маалыматты текшеребиз

Ошол эле күнү бир канча сааттан кийин сайтка ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүү жарыяланган. Бирок, анда Дамирбек Давляновдун кармалганы тууралуу айтылган эмес. 

“Эл Үмүтү” партиясынан талапкер ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган”. Маалыматты текшеребиз

“Эл Үмүтү” партиясынын расмий сайтында талапкерлердин резюмеси тиркелген. Андагы маалыматка ылайык, Дамирбек Давлянов ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгында жетекчи болуп 2017-жылдын 15-августуна чейин иштеген. Андан соң ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнө которулган. Тактап айтканда, жогорудагы жаңылык чыккан учурда Давлянов ИИМдин Уюшкан кылмыштуулуккка каршы күрөшүү башкы башкармалыгын эмес, ИИМдин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүн жетектеп турган. 

“Эл Үмүтү” партиясынан талапкер ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган”. Маалыматты текшеребиз

Жыйынтык: “Эл Үмүтү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамирбек Давлянов ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган деген маалымат далилденген жок. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты