“Эл кызматында эки жыл”: пропаганда, манипуляция жана дезинформация. Үчүнчү бөлүк  

Элдик курултайда “Эл кызматында эки жыл” деп аталган, “2020-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Кыргызстанда өнүгүү бет алган жаңы мезгил башталды” деген маанидеги делегаттарга көрсөтүлгөн видеодо айтылган маалыматтарды “ПолитКлиника” текшерип көрдү. Материалдын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө делегаттарга көрсөтүлгөн маалыматтарды текшердик жана андагы пропаганда, манипуляцияны аныктадык.

2020-жылдын 4-октябрындагы чуулгандуу парламенттик шайлоодон кийин бийликке келген Садыр Жапаров жоопкерчиликти өзүнө алып, толук ишке киришкенде өлкөдө адилеттүүлүктү орнотууга сөз берген. 6-октябрга караган түнү милиция менен эл кагылышканда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу  каза болгон. Үмүтбек бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Ал кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып, Улуттук госпиталда көз жумган. Андан тышкары жүздөгөн адам ооруканага кайрылган. 

Материалдын бул бөлүгүндө, видеодо айтылбай калган, бирок соңку эки жылда Кыргызстанда орун алган окуяларды баяндайбыз. 

Видеодо айтылбаган, акыркы эки жылдагы “жетишкендиктерибиз”

Ушул жылдын март айында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “өлкөдө сөз эркиндиги болуп келгенин жана боло берерин, аны эч ким чектебегенин” билдирди. “ПолитКлиника” медиасы өзүнүн дата макаласында бийлик алмашкандан кийин сөз эркиндигине болгон кысым күчөгөндүгүн көрсөтүп берген

“Эл кызматында эки жыл”: пропаганда, манипуляция жана дезинформация. Үчүнчү бөлүк  

Бул дата материал жети ай мурун даярдалган. Тилекке каршы, андан бери журналисттерге, активисттерге болгон кысым уланып келет. 

Медиаларга жана журналисттерге болгон кысым күчөдү

2022-жылдын биринчи чейрегинде эле журналисттерге карата бир канча чуулгандуу иш козголду. Январь айында иликтөөчү журналист Болот Темиров мыйзамсыз маңзат даярдоого айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгарылды. Коомчулук журналисттин кармалышын анын ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Себеби, Темиров кармалганга чейин анын командасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни жетектеген нефтини кайра иштетүүчү заводдогу коррупциялык иштер тууралуу иликтөөсүн жарыялаган эле. 

28-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Болот Темировду актоо өкүмүн чыгарды. Сот Болот Темировдун ишиндеги бир гана эпизод — 379-берене боюнча күмөн бар деп тапты. Бирок 23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Болот Темировдун жактоочулары соттук коллегиядан Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүнү жана алардын кардарын кылмыштын курамы жок деп толук актап берүүнү өтүнүшкөн эле.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген соттук коллегия журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарыла турганын билдирди. Өкүм жарыялангандан кийин дароо Болот Темиров кармалып, коштоо менен сот залынан чыгарылды. Көпкө чейин журналисттин дайынын белгисиз болуп турду. Кийин Орусияга депортацияланганы белгилүү болду.

Бул жылдагы дагы бир чуулгандуу иш NEXT TV каналынын жабылышы жана башкы редакторунун камалышы болду. Телеканал Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген маалыматты социалдык түйүндөрдө бөлүшкөн соң УКМК “маалыматта улуттар аралык кастыкты козутуучу элементтер бар” деген негиз менен телеканалга карата кылмыш ишин козгоду. Бирок каналдын жетекчилиги жарыяланган материалда маалымат булагы көрсөтүлгөнүн айтып, өздөрүнө коюлган айыпты четке кагып келет.

Ушул эле жылы, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Министрлик тараткан билдирүүдө «маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү» айтылат. Кийин “Демир банк” банкы медианын эсебин бөгөттөө чечимин чыгарат. 

Ал эми 2022-жылдын 23-24-октябрларында жыйырмадан ашуун саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган

Эки эсе өскөн жакырчылык

2022-жылдын июль айынын аягында Улуттук статистика комитети Кыргызстанда 2021-жылы жакырчылыктын деңгээли 33,3%, башкача айтканда, 2020-жылга салыштырмалуу 8%, 2019-жылга салыштырмалуу 13,2%га көп болгонун жарыялаган. 33,3% жакырчылыктын деңгээли 6,7 миллион адамдын 2,2 миллиону өтө жакырчылыктын чегинде жашаганын көрсөтөт. 2021-жылы өтө жакырлардын саны 2020-жылга караганда 566 миңге көп. Ал эми жакырлардын саны 2019-жылы 1,3 млн болсо, 2021-жылы 1,7 млн, 2022-жылы 2,2 млнго жеткен

Мамлекеттик карыз 5,2 млрд долларга жетти

Финансы министриниин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстандын мамлекетти карызы 5,2 млрд долларга жетти. Анын ичинен 4 миллиард 190,78 миллион доллар (333 миллиард 166,93 миллион сом) тышкы карыз, ал эми 1 миллиард 33,65 миллион доллар (82 миллиард 175,12 миллион сом) ички карыз. Тышкы карыздын 43,1 пайызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына тиешелүү. 

Чек ара: Жүзгө жакын адам каза болду

Өткөн жылы апрель соңунда жана быйыл сентябрдын орто ченинде кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан куралдуу агрессия болуп, 100гө жакын кыргызстандык каза болду, үй-жайсыз калгандардын саны дагы өстү. 

14-17-сентябрдагы жаңжалда Кыргызстан 140 миң жаранын коопсуз жайга көчүрүүгө аргасыз болду. 

Жыйынтык: Акыркы эки жылдагы Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана саясий абалын көрсөтүүнү каалабаган видео-роликте пропагандага, манипуляцияга жол берилген. Кыргызстандагы реалдуу картина көрсөтүлгөн эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты