“Эл кызматында эки жыл”: пропаганда, манипуляция жана дезинформация. Биринчи бөлүк  

Элдик курултайда “Эл кызматында эки жыл” деп аталган, “2020-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Кыргызстанда өнүгүүгө бет алган жаңы мезгил башталды” деген маанидеги делегаттарга көрсөтүлгөн видеодо айтылган маалыматтарды “ПолитКлиника” текшерип көрдү.

Пропаганданын белгилери

Пропаганданын белгилеринин бири катары кимдин таламында пропаганда жүргүзүлүп жатса, ошонун позитивдүү имиджин калыптандыруу болуп саналат. Аталган видеодо фактылар жок, бирок эмоционалдык боектогу сөздөр бар:

— Элдин ишеними менен бийлик башына келген жетекчилер;

— Тарыхый жоопкерчиликти мойнуна алып;

— Дүйнөнүн ыкчам өзгөрүп жатканын аңдай билген башчыларыбыз;

— Көрүнөрлүк, сезилерлик өзгөрүүлөр;

— Алгылыктуу иштер аткарылды;

— Өткөн жылдарга салыштырмалуу бир кыйла өстү;

— Чоң суммадагы каражаттар бөлүндү;

— Төмөн насыялар;

— Өзгөчө көңүл буруп жатат ж.б.

Бюджеттин кирешеси өстү, бирок, чыгашасы андан дагы көп

Аталган видеодо “Акыркы эки жыл ичинде фискалдык саясат күчөтүлүп, натыйжада кирешелердин көлөмүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. 2020-жылдын жыйынтыгында консолидацияланган бюджеттин суммасы 248 млрд сомду түзсө, 2021-жылы 313 млрд сомду түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 400 млрд сомдон, кийинки жылы 500 млрд сомдон ашат деген амбициялуу максат коюлду”, — деп айтылат. 

Бирок консолидацияланган бюджет — бул бириктирилген бюджет деген түшүнүк. Акылбек Жапаров Социалдык фонддун кирешеси республикалык бюджетке эмне себептен кошулуп эсептелип жатканына түшүндүрмө берди. Анын сөзүнө караганда, Соцфонддун өзүнүн кирешеси 54,9 млрд. сом. Кыргыз өкмөтү эки жылдан бери Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (ФОМС) кирешелерин чогуу эсептеп, консолидацияланган бюджет деп атап келет. Казынанын киреше-чыгашасын эсептөөнүн мындай тартиби элдин көзүн будамайлоо катары кабыл алынып келет. 

Бюджеттин кирешеси көбөйдү делгени менен, чыгашасы андан дагы көп экени видеодо айтылган эмес. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бюджеттик дефицит 35 млрд. сомду түзөрү күтүлүүдө. 

Эксперт Темирбек Ажыкулов “Азаттык” медиасына берген маегинде кыргыз өкмөтү консолидацияланган бюджет деп баш айланткан сандарды жарыялаганы менен экономикадагы көрсөткүчтөр анчалык жакшы эмес экенин айткан:

“2022-жылы Украинадагы согуш экономикага кедергисин тийгизди. Соода-сатык, бизнес алсырап кетти. Туризм деле анча жакшы болгон жок. Экинчи чоң фактор — Кыргызстандын ичиндеги саясий абал. Акыркы убактарда бизнеске болгон кысым көбөйдү. Муну эске албаса болбойт. Инвестицияга эң эле таасир берген фактор туруктуулук. Андан кийин сот, салык органдары”, — деп билдирген ал. 

Жыйынтык: Видео-роликтин бюджет жөнүндөгү бөлүгүндө пропаганданын “тандалма чындык” техникасы колдонулган. Башкача айтканда, бюджеттин кирешеси салыштырмалуу өскөнүн айтып, бирок, бюджетти эсептөө шарты өзгөргөнүн жана быйыл бюджеттин тартыштыгы дагы жогору экендигин айткан эмес. 

Кумтөр кени жана коррупция 

Видеонун экинчи бөлүгүндө Кумтөр кени Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен Кыргызстанга киреше алып келе баштаганы айтылат:

“Кумтөр кенинен түшкөн пайда ондогон жылдардан бери дайын-оту жок кетип, кен жайды мамлекетке кайтаруу жалпы журттун көптөн күткөн мүдөөсү эле. Президент Садыр Жапаров шайлоо алдында жана андан бир канча жыл мурда элине берген убадасынын өтөөсүнө чыгып, командасы менен Кумтөр кенин Кыргыз мамлекетине кайтарды. Анын жыйынтыгы көпкө күттүргөн жок. 2010-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстанга дивиденттерине жалпы саны болгону 5,3 млрд сом эле берилсе, 2022-жылдын 10 айынын эле жыйынтыгы боюнча Кумтөр кенинен Кыргызстанга салык жана салык эмес жана келишимдерде каралган төлөмдөрдүн жалпы саны 26,5 млрд сомду түздү”, — деп айтылат. 

“Кумтөр кенинен түшкөн пайда ондогон жылдардан бери дайын-оту жок кетип” деп автор дароо эле манипуляциянын эмоционалдык резонанс түрүн жана “кенди мамлекетке кайтаруу жалпы журттун көптөн күткөн мүдөөсү эле” деп көпчүлүктүн апелляциясы (айланадагылардын баары ушундай деп ойлошот) түрүн колдонуп жатат. 

Буга чейин “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген «Кумтөрдүн» расмий сайтындагы 2019-жылдын төртүнчү кварталына карата отчетуна караганда, бардыгы болуп 1994-жылдан 2019-жылга чейин компаниянын иштөө мезгилинде Кыргызстандын аймагында төлөмдөр 4 миллиард 141 миллион доллардан (анын ичинде салыктарды, аффинаждык жыйымдарды жана жергиликтүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн берүүчүлөр, инфраструктура үчүн төлөмдөр, кайрымдуулук ж.б.) ашкан. 

Ал эми видеонун автору “2010-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстанга дивиденттерине жалпы саны болгону 5,3 млрд сом эле берилсе, 2022-жылдын 10 айынын эле жыйынтыгы боюнча Кумтөр кенинен Кыргызстанга салык жана салык эмес, жана келишимдерде каралган төлөмдөрдүн жалпы саны 26,5 млрд сомду түздү” деп он жылдын дивиденттери менен 10 айдын салык жана салык эмес, жана келишимдерде каралган төлөмдөрдүн жалпы санын салыштырып койгон. 

Кумтөр кени 2021-жылдын май айында Кыргызстандын карамагына өткөрүлгөндөн кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк, “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги түзүзүп, Бөлтүрүк анын жетекчиси болуп калат. Тенгиз Бөлтүрүккө 2022-жылдын 13-сентябрында Башкы прокуратура Кумтөрдөгү коррупцияга айып коюп, камакка алды. Алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган

Парламенттин экс-депутаты Эркингүл Иманкожоева Кумтөр кени боюнча президент жооптуу экендигин билдирди:

“Президент Тенгиз Бөлтүрүктү Канададан өзү алып келген. “Тоо кен боюнча тажрыйбасы көп” деп айткан. Демек, кенде болуп аткан иштердин баарын Тенгиз Бөлтүрүк президентке айтып турган. Жумушка кимдер алынып атат, сатып алуулар тууралуу маалымат берип атты. Муну президент билип көрүп турду. Эми Тенгиз Бөлтүрүк эмне иштер болгонун ачык айтышы керек”. 

7-сентябрда Инстаграмдагы kg_novosti баракчасына президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун чет өлкөлүк адамдын жанында алтын куймаларын кармап түшкөн сүрөтүн жарыялады. Бул сүрөт элдин арасында талкуу жаратты. Ошол эле күнү «ПолитКлиника» медиасы сүрөт Түркиядагы алтын иштеткен компанияда тартылганын  ачык булактардан аныктаган. Сүрөт Түркиянын алтын аффинаждоочу Ahlatcı Metal Rafineri ишканасында тартылган. Сүрөттөгү алтын куймалары аталган компанияда өндүрүлгөн.

Садыр Жапаров 8-сентябрда «Кабар» маалымат агенттиги аркылуу чуулгандуу сүрөткө түшүндүрмө берип, агасы алтын иштери боюнча Түркияга барганын тастыктаган. 

Аныкталбаган өлкөгө сатылган 19 тонна алтын

2021-жылы Кыргызстандан 1,4 миллиард долларлык 24,8 тонна алтын экспорттолсо, 2021-жылы Кыргызстандын бир грамм алтынынын экспорттук баасы 57 долларды түздү.

Расмий маалыматтар боюнча, Улуу Британия 4 тонна, Швейцария 1 тонна, Гонконг 37 кг, Орусия 10 кг, Италия 100 грамм сатып алган. Калган 19,2 тонна алтынды ким сатып алганы белгисиз бойдон калууда. Экспорттук-импорттук операциялар боюнча Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда 19,2 тонна алтынды “аныкталбаган өлкө” сатып алганы көрсөтүлгөн.

“Эл кызматында эки жыл”: пропаганда, манипуляция жана дезинформация. Биринчи бөлүк  

Жыйынтык: Видеонун Кумтөр кени жөнүндөгү бөлүгүндө маалыматтар бурмаланып, релеванттуу эмес салыштыруулар болгон. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты