Дата-анализ: бийлик алмашкандан кийин сөз эркиндигине кысым көрсөтүү күч алды
- 2 года мурун
- Дата, Мультимедиа
Ушул жылдын март айында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “өлкөдө сөз эркиндиги болуп келгенин жана боло берерин, аны эч ким чектебегенин” билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзү дагы бир канча ирет айткан. Анткен менен сандар соңку жылдары сөз эркиндигине кысым көрсөтүү күч алып баратканын көрсөтүүдө. “ПолитКлиника” медиасынын дата-журналисттери өлкөдө сөз эркиндиги боюнча чыныгы абал кандай экенин сандар менен айтып берүүнү чечти.
Кыргызстан басма сөз эркиндиги индексинин дүйнөлүк рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 79-орунда турат. Бул коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу кыйла жакшы көрсөткүч: Казакстан 155-орунда, Өзбекстан 157-сапта Тажикстан 162-орунда, ал эми Түркмөнстан 178-катарда турат. Ошондой болсо дагы али сүйүнгөнгө эрте. Себеби, өлкөдө сөз эркиндиги боюнча кырдаал туруктуу эмес.
Сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде жогору көтөрүлгөнүбүзгө карабай, акыркы үч жылда жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүү күчөп баратат: активисттерди кармоо, журналисттерди суракка алуу жана редакцияларга карата кылмыш ишин козгоо учурлары көбөйүүдө.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2010-жылдан 2022-жылга чейин журналисттерге жана ЖМКга карата он үч кылмыш иши козголгон. Алардын жарымынан көбү акыркы эки жылда ачылган.
2022-жылдын биринчи чейрегинде эле журналисттерге карата бир канча чуулгандуу иш козголду. Январь айында иликтөөчү журналист Болот Темиров мыйзамсыз маңзат даярдоого айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгарылды. Коомчулук журналисттин кармалышын анын ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Себеби, Темиров кармалганга чейин анын командасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни жетектеген нефтини кайра иштетүүчү заводдогу коррупциялык иштер тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.
Кийинчерээк Temirov Live командасынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун компаниясы Жалал-Абадда бир канча тендерди утуп алгандыгы тууралуу иликтөөсү чыккан соң Болот Темировго карата дагы үч кылмыш иши козголду. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы журналист документти жасалмалоо жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталып жатканын билдирди. Темиров өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин “абсурд” деп атап, журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштырса, адвокат Нурбек Токтакунов бул иштердин мөөнөтү эбак эле өтүп кеткенин айтып, “куугунтук” болуп жатканын белгиледи.
Бул жылдагы дагы бир чуулгандуу иш NEXT TV каналынын жабылышы жана башкы редакторунун камалышы болду. Телеканал Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген маалыматты социалдык түйүндөрдө бөлүшкөн соң УКМК “маалыматта улуттар аралык кастыкты козутуучу элементтер бар” деген негиз менен телеканалга карата кылмыш ишин козгоду. Бирок каналдын жетекчилиги жарыяланган материалда маалымат булагы көрсөтүлгөнүн айтып, өздөрүнө коюлган айыпты четке кагып келет. Каналдын директору Равшан Жээнбеков муну саясий буюртма деп эсептейт.
Жалгыз гана кылмыш иши менен эмес. Сөз эркиндигин дагы кантип кысышат?
“Медиа полиси институту” фондунун маалыматына ылайык, 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин маалымат каражаттарында сөз эркиндигине кысым көрсөтүү, анын ичинде журналисттерге кол салуу, ЖМКны коркутуу жана сөз эркиндигин жарга такаган мыйзам долбоорлору тууралуу жаңылыктардын саны кескин өскөн.
Журналисттерге кол салуу көбүнчө массалык башаламандыктар учурунда орун алган. Айрыкча, Садыр Жапаровдун тарапташтары болочоктогу президентти колдоо демонстрацияларын журналисттер туура чагылдырбай жатат деген негиз менен кол салган учурлар көп катталган. Жапаров өзү дагы көз карандасыз ЖМКлардын ишмердүүлүгүн активдүү сындап келет.
“Эгерде тигил жактагы кожоюндары буйрутма берип жаткан болсо дагы бизде отурган “Азаттыктын” кыргыз жигиттери, кыргыз кыздары кичине ойлонуп, аларга айтып түшүндүрсө болмок “жок, минтип бурмалап бере албайбыз” деп. Же болбосо мага келип, экинчи тараптын пикирин алып туруп, эки тараптуу кылып берсе жакшы болмок”, - деп билдирген президенттин милдетин аткаруучу болуп турган кезде.
Кийинчерээк ЖМКны жана жарандык коомду коркутуу, аларга кысым көрсөтүү күч алды. Мындай учурлардын көбү 2021-жылдын жазына туура келет. Дал ушул мезгилде бейөкмөт уюмдарга каршы митингдер өткөн, ал эми журналисттер суракка алынып, аларга карата кылмыш иштери козголгон. Мындан тышкары бийлик өкүлдөрү эл менен жолуккан учурда дагы журналисттерге кол салуу учурлары катталган.
Өткөн жылдын май-июнь айларында сөз эркиндигине коркунуч туудурган бир канча мыйзам долбоору каралган. Парламент эл арасында “Фейктер жөнүндө мыйзам” деп таанылган“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун караса, президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Мамлекет башчысы депутаттардан фейктер тууралуу мыйзамды кабыл алып берүүнү суранып, КТРКны реформалоону жана ага “улуттук” макамын кайтарып берүүнү сунуштаган. Жыйынтыгында фейктер тууралуу мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынды.
Бул мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдар такталбаган маалымат тараткан сайтты соттун чечими жок эле жаап салууга укуктуу. Бирок мыйзам кабыл алынганы менен азыркыга чейин аны ишке ашыруу механизмдери иштелип чыга элек.
Аталган мыйзам сунушталгандан тартып бүгүнкү күнгө чейин жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет. OCCRP эл аралык уюму Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым күчөп баратканын белгилеп, билдирүү тараткан.
“Бул өкмөт бийликке көз карандысыз маалымат каражаттарынын 2020-жылкы парламенттик шайлоо учурундагы эрдиктеринин аркасында келди. Өкмөттүн [медианы] талкалоого умтулуусу коркунучтуу антиутопия”, - деп билдирген OCCRP’нин башкы редактору Дрю Салливан.
Сөз эркиндигине кысым көрсөтүү муну менен эле чектелип калган жок. 2022-жылдын февралынан тартып парламентте Орусиядагы “Чет элдик агент жөнүндө” мыйзамынын аналогун кабыл алуу тууралуу сунуштар айтыла баштады. Ага ылайык, чет жактардан каржы алган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамы ыйгарылат. А бул көз карандысыз медианын ишмердүүлүгүн жана альтернативдүү көз карашты жеткирүү мүмкүнчүлүгүн болушунча чектейт. Баса, бул мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамынан көчүрүп алынганын “ПолитКлиниканын” журналисттери аныктаган.
Сөз эркиндигин сактап калуу мүмкүнбү?
Журналисттерге карата мыйзамсыз аракеттер болгон учурда алар тиешелүү органдарга арыз жазып кайрылышат. Бирок ал иштердин көбү кыскарып кетет. Өткөн жылдын алгачкы жети айында прокуратурага ЖМК өкүлдөрүнөн тогуз кайрылуу түшкөн. Азыркы учурда алардын ичинен экөө гана иликтенип жатат, калгандары кыскарып кеткен.
“Азаттык” радиосунун журналисти Дастан Үмөтбай уулу жазган арызы боюнча козголгон иш кыскарып кеткенин бир жылдан кийин билген.
“2020-жылдагы Октябрь окуяларын чагылдырып жүргөндө мага кол салуу болуп, милицияга арыз жазгам. Бирок кол салган адам кармалбагандыктан иш кыскарып кетиптир. Мен аны бир жылдан кийин билдим”, - деди Дастан Үмөтбай уулу.
Медиаэксперт Алмаз Исманов журналисттерди коргобой, тескерисинче, аларды коркутуп-үркүтүү, аларга карата иш козгоо сөз эркиндигине терс таасирин тийгизет деп эсептейт:
“Биз журналисттик ишмердүүлүктү дискредитациялоонун тынчсыздандырган тенденциясын көрүп жатабыз. Мындан улам сөз эркиндиги боюнча абал начарлап кетиши мүмкүн деген кооптонуу жаралууда. Тилекке каршы, жарандардын баары эле журналисттерге жана массалык маалымат каражаттарына жасалган кол салуулардын артында өздөрүнө карата дагы түздөн-түз коркунуч бар экенин түшүнө бербейт. Коомдо көз карандысыз маалымат каражаттары канчалык аз болсо, ар кандай мыйзам бузуулар, коррупциялык иштер тууралуу маалымат дагы ошончолук аз болот”.
Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Чынаргүл Жумабекова
Дата-редакторлор: Айзада Тома, Андрей Дорожный
Иллюстрация: The Economist