“Эл кызматында эки жыл”: пропаганда, манипуляция жана дезинформация. Экинчи бөлүк
- 2 года мурун
- Фактчекинг
Элдик курултайда “Эл кызматында эки жыл” деп аталган, “2020-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Кыргызстанда өнүгүү бет алган жаңы мезгил башталды” деген маанидеги делегаттарга көрсөтүлгөн видеодо айтылган маалыматтарды “ПолитКлиника” текшерип көрдү. Материалдын биринчи бөлүгү шилтемеде.
“Айлыктар көбөйдү”
Делегаттарга көрсөтүлгөн видеодо мугалимдер айлык акылары 50%га чейин көбөйгөнү айтылат:
“Министрликке быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү. Муну менен Билим берүү министрлиги эң көп каржыланган министрлик болуп калды. Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50%дан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өтүп, категориялар кирди. Мисалы, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалиминин абалы — эмгек стажы жок мугалимге мурда 8000 сом чегерилип, колуна 7000 сом алып келсе, 1-апрелден тартып ага 23 900 сом чегерилип, колуна 21 800 сом алат. Мектеп мугалимдери менен катар эле бала бакча тарбиячысынын эмгек акысы дагы 80%га көтөрүлдү”.
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 21-ноябрдагы жыйынында Дастан Бекешев мугалимдердин маянасы көтөрүлдү дегени менен сентябрь айынан тартып аз айлык алып жатышканын билдирди:
«2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү. Мага кайрылган мугалимдер мисалы, апрель-май айларында 36-37 миң сомдон ала баштаган экен. Эмгек өргүүсү үчүн дагы жакшы акча чыгыптыр. Бирок сентябрь, октябрь айларында ошол 36 миң сомдон алган мугалимдерге 24 миң сом айлык чыгыптыр. Эч ким аларга маалымат, түшүндүрмө бербептир. Билим берүү министрлиги түшүндүрмө берип койсо жакшы болмок».
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мугалимдердин сааты кайра эсептелип чыкканын айтты:
«Биз апрель айында маяналарды көтөргөндө такыр башка система болчу. Анда жумасына 20 саат деп алынган. Бирок тилекке каршы, айлык аз болгондуктан мугалим болуп иштегиси келгендер аз болчу. Ошондуктан айрым мугалимдер жумасына 39-40 саатка чейин сабак өтчү. Албетте бул сабактын сапатына да таасир этчү. Азыр болсо эң жогорку чек деп 27 саатты — 1,5 ставканы гана белгиледик».
Бирок март айында айлыктар көтөрүлөрү, мугалимдердин айлыгы туруктуу болору, саатына карап эсептелбей турганы айтылган эле.
“Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолу
“2021-2022-жылдары 651 км жолдорду курулуш жумуштары аткарылды. “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолу, Бишкек — Кара Балта, Маданият Жалал-Абад, Балыкчы-Барскоон, Баткендин жолдору курулду”, — деп айтылат видеодо.
Узундугу 433 км болгон «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу 2014-жылы башталган. «Түндүк — Түштүк» альтернативалык жолу 3 фазага бөлүнгөн. Биринчисинде 160 чакырым жол менен Көк-Арт тоннелинин 4 чакырымга чукул бөлүгүн куруу каралган. Экинчи фазадагы жолдун узундугу болсо 99 чакырымды түзөт. Ал эми акыркы бөлүгүндө 70тей чакырым жол салынат. 2018-жылы «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу 2022-жылы аяктары айтылган. 400 млн. долларга бааланган бул жолду Кытай Эл Республикасынын жеңилдетилген насыясына салына баштаган.
Бишкек — Кара Балта жолун 2017-жылы кытайлык «China Railway» компаниясы куруп баштаган. Ал эми 2020-жылдын июнь айында жолдун курулушу пандемияга байланыштуу бүтпөй жатканы белгилүү болгон.
Жыйынтык: Видеонун автору аталган жолдордун курулушун Садыр Жапаровдун эмгеги катары көрсөтүү менен манипуляцияга жол берген.
Энергетика жана коррупция
Энергетика тармагы тууралуу кыска гана маалымат айтылды.
«Энергетика тармагын реформалоонун алкагында жети акционердик коомдун ордуна экөө түзүлгөн. Тармакты оптимизациялоо иштери ийгиликтүү жүрдү”, — деди автор. Алар кайсы акционердик коомдор экени айтылган эмес. Бирок Улуттук энергохолдингдин расмий сайтында тогуз акционердик коом көрсөтүлгөн.
Башкы прокуратура тарабынан энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголду.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-2022-жылдары энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия, Өзбекстан жана Россияга кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Энергетика тармагындагы кризис
2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашкандан кийин веердик өчүрүүлөр болбой турганы жана Кыргызстан энергетика тармагындагы кризиске даяр экени айтылган. Бирок көп өтпөй суук түшкөндө, жарык баары бир өчүрүлөрү белгилүү болгон. Алгач электр тутумуна болгон жүктөмдүн көптүгүнөн автоматтык түрдө жарык өчүп турган.
Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.
Ал эми өлкө президенти Садыр Жапаров 2021-жылы “өлкөнүн энергетика системасын кризиске алып келген” ал эмес экенин белгилеп: “Кудай буюрса, 2024-2025-жылдары энергетика системасын кризистен чыгарабыз» деп убада берген.
Эксперттер Кыргызстандагы энергетикалык жагдай боюнча коркунучтуу коңгуроолорду кагып келишет.
Жыйынтык: “Эл кызматында эки жыл” деп аталган видеодо пропаганданын жана манипуляциянын техникалары колдонулган.
— Көпчүлүккө апелляция — жалпы элдин ою катары көрсөтүү;
— Дезинформация — маалыматты бурмалоо;
— Тандалма чындык — өзүнө пайдалуу гана бөлүгүн берип, калганын тыйып коет;
— Лингвистикалык пропаганда — кооз, боектолгон сөздөрдү пайдалануу.