«Эл аралык терроризмге биздин өлкө биринчилерден дуушар болгон”. Куралдуу Күчтөр күнүнө куттуктоо

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

-1992-жылы улуттук армияны түзүү чечимин кабыл алуу менен эгемен Кыргызстанды коргоо боюнча жаңы институт пайда болуп, ага республиканын аскердик коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн сактоо жоопкерчилиги жүктөлгөн.

Биздин Куралдуу Күчтөрүбүздүн күжүрмөн жетилгендигинин олуттуу сыноосу 1999-2000-жылдардагы эл аралык террористтердин согушкерлери Мекенибизге бастырып кирген Баткен окуялары болду. Ошол жылдары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү каршы күрөшүп жаткан эл аралык терроризмге биринчилерден болуп биздин өлкө дуушар болгон.

Ошондой эле куттуктоодо аскер кызматчыларынын жашоо-шарттарын жакшыртуу, социалдык статусун көтөрүү тууралуу белгиленди.  

-Кыргыз мамлекетинин аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо-шарттарын жакшыртуу, аскердик шаарчаларды заманбап инфратүзүм менен камсыз кылуу керектигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Ошондой эле, жогорку деңгээлдеги кесипкөй аскер кызматчыларынын социалдык статусун жана коомдун ичинде алардын кадыр-баркын көтөрүүбүз зарыл.

Албетте, мунун баары бюджеттик каржынын өсүшүнө алып келет. Бирок биз өлкөбүздүн аскердик коопсуздугун камсыздоо маселесинде үнөмдөө болбой турганын жакшы түшүнөбүз, -деп айтылат куттуктоодо.

Бүгүн, 29-майда, Кыргызстанда Куралдуу Күчтөрдөн майрамы белгиленип жатат.

Сүрөт: Коргоо министрлиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты