Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды
- 3 года мурун
УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны (Е.В.В.) кармалды.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган кишиден – Макаров тапанчасы, 4 бычак, 2 мобилдик аппарат, диний адабияттар, 7 банк картасы, террористтик мазмундагы видео-аудио файлдар табылды жана алынды.
Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Муну бөлүшүү