Эл аралык террордук уюмдун кыргызстандык согушкери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишчаралардын алкагында «ИГ» эл аралык террордук уюмунун согушкерлеринин бири, 1993-жылы туулган КР жараны  М.У.А. кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, аталган жаран чет өлкөдө иштеп жүргөндө дистанттык түрдө жумушка  алынып, андан кийин 2015-жылдын август айында Түркия аркылуу транзит менен Сирияга кеткен.

Ирактын Мосул шаарындагы логистикалык лагерлерде диверсиялык жана күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин, эл аралык террордук уюм тарабынан Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты