Эл аралык баңги топтордун биринин мүчөсү кармалды

  • 2 года мурун

Козголгон кылмыш иштин алкагында, ушул жылдын 28-августунда “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү учурунда коңшу мамлекеттердин биринин жараны К.Е.Б. кармалып, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган жаран эл аралык баңги менен алектенген топтордун биринин мүчөсү болуп эсептелет.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин УКМК тарабынан 2020-жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан Кыргыз Республикасынын эки жараны кармалып, алардан жалпы салмагы 10 кг ооган тектүү гашиш баңгизаты табылып алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган баңгизатын Талас облусунун Казакстан менен чектеш аймагынан К.Е.Б. аттуу казакстандык жаран Казакстанга контрабандалык жол менен алып кирип сатууну көздөгөнү аныкталган.

Козголгон кылмыш иштин алкагында, ушул жылдын 28-августунда “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү учурунда коңшу мамлекеттердин биринин жараны К.Е.Б. кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Кыргызстан жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Кармалган баңги топтордун мүчөсү. УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты