Эл аралык баңги тобунун 50 кг баңгизатын ташууга шектелип, кыргызстандык экөө кармалды

  • 4 месяца мурун

УКМК  тарабынан афган тектүү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарган эл аралык туруктуу трансулуттук баңгизат тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөдө аныкталгандай, кылмыштуу түзүм Ооганстан аймагынан ири көлөмдөгү баңгизаттарды туруктуу транзиттик маршруттар аркылуу бир катар мамлекеттерден өткөрүп, Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз ташууну жана андан ары коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү уюштуруп келген.

Аларга кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган адамдар баңгизат каражаттарын ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенип, ошондой эле өлкө аймагындагы транзиттик өткөрүүчү түйүндүн үзгүлтүксүз иштешин камсыздап турушкан.

Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарын жана Мамлекеттик бажы кызматынын кинологдорун тартуу менен заманбап техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, баңгизаттарды ташуу маршруттары, кылмыштуу схеманын катышуучуларынын ролдору жана эл аралык логистикалык чынжырдын негизги элементтери аныкталды.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн ири көлөмдөгү — 50 килограмм баңгизат каражаты алынды.

Аталган кылмыштуу ишке катыштыгы бар деп шектелип, УКМКнын тергөө абагына Кыргыз Республикасынын эки жараны киргизилди.

Эл аралык баңги тобунун 50 кг баңгизатын ташууга шектелип, кыргызстандык экөө кармалды

Сүрөттөр: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты