Эксперт-психолог менен милиция кызматкери коррупциялык схема түзүүгө айыпталууда

  • 7 дней мурун

Республикалык психатрия жана наркология борборунун эксперт-психологу А.Ч.Ш. Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары А.у Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу максатында “акыл-эси жайында эмес” деп мыйзамсыз таануу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын январь айында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) тарабынан баңгизат сатуу боюнча 2007-жылы туулган М.А.А. кармалган. Кылмыш ишин тергөө учурунда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) тергөө кызматынын башчысынын орун басары А.у Ж. кармалган адамдын жакын туугандарынан опузалоо жолу менен өзгөчө ири суммадагы акча — 1,5 млн сом алган.

Андан кийин ал психатрия жана наркология борборунун психолог-эксперти А.Ч.Ш. менен алдын ала сүйлөшүп алып, эксперименталдык-психологиялык экспертизанын жыйынтыгында кармалган М.А.А. “акыл-эси жайында эмес” деп табылган.

2025-жылдын 23-октябрында жана 30-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук ИИБ мурдагы башчысынын орун басары А.уЖ. жана психатрия жана наркология борборунун психолог-эксперти А.Ч.Ш. кармалып, УКМКнын тегөө абагына киргизилди. Аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.  

Эксперт-психолог менен милиция кызматкери коррупциялык схема түзүүгө айыпталууда
Эксперт-психолог менен милиция кызматкери коррупциялык схема түзүүгө айыпталууда
Эксперт-психолог менен милиция кызматкери коррупциялык схема түзүүгө айыпталууда
Эксперт-психолог менен милиция кызматкери коррупциялык схема түзүүгө айыпталууда

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы       

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты