Эксперт Оштогу өтмөк көпүрөдөгү жараканы “деформациялык ажырым” деп атады   

  • 8 месяцев мурун

Ош шаардык мэриясы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде курулган жөө өтүүчү өтмөк көпүрөдөгү жарака тууралуу эксперттин түшүндүрмөсүн берди. Эксперт көпхрөдөгү жараканы “деформациялык шов” (ажырым” деп атады.

-Түштүк экспертизанын эксперти Чубак Капаров көпүрөдөгү жараканы мындайча түшүндүргөн:

-Биз объектти текшербейбиз, долбоорду текшеребиз. Долбоор боюнча “деформациялык шов” сөзсүз болушу керек. Көпүрөнүн диаметри дээрлик 50 метр болгон үчүн төрткө бөлдүрткөнбүз. Бул жерде сейсмика болушу мүмкүн, динамикалык күч келиши мүмкүн,  температуралык жылуулар болушу мүмкүн,  ошондуктан “деформациялык шов, 5 см коюлат”  деди.

Муну “авариялык кырдаал” деп айтууга болбой турганын билдирди.  

13-сентябрда социалдык тармактарда Оштогу жаңы курулган көпүрөдөгү жарака тууралуу видео тараган. Өтмөк быйыл май айында курула баштаган. Августтун аягында ачылышы болуп, элдин өтүшүнө уруксат берилген. Бирок курулушу толук аяктай элек. Азыр өтмөктүн төрт тарабына лифт орнотуу иштери жүрүп жатат.

Курулушка шаардан 45 миллиондон ашык сом сарпталган. Аны тендерден уткан “Сапат курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому курган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты