Экс-депутат Жаныбек Бакчиев 23-декабрга чейин камакка алынган

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 25-октябрдагы чечими менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камакка алынганын “Азаттык” райсоттун ырастоосу менен билдирди.  

Маалыматта Жаныбек Бакчиев 23-декабрга чейин камакка алынганы айтылат. Бакчиевдин кайсы иш боюнча кармалганы азырынча белгисиз.

Жаныбек Бакчиев Жогорку Кеңеште “Бир бол” фракциясынан депутат болгон. Мамлекеттик каттоо кызматын эки жолу башкарган, 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын декабрына чейин.

Сүрөт: «Бир бол» партиясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты