Экс-депутат Канатбек Исаевдин кармалганы айтылууда

  • 1 год мурун

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаевдин кармалганы айтылууда. Бул тууралуу «Азаттык» анын жактоочусу Бакыт Осмоналиевге шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, жактоочу Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 20-ноябрда кармаганын билдирген. 22-ноябрда сотто анын бөгөт чарасы каралат деп күтүлүүдө.

«Ал саясатчы кайсы иш менен кармалганы жана кайсы берене менен айып коюлганы азырынча белгисиз экенин айтты»,- деп жазды «Азаттык».

Учурда УКМК бул тууралуу маалымат бере элек.

Сүрөт: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты