Экс-депутат Бактыбек Калмаматов УКМК абак жайына камалды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу абак жайына 48 саатка камалды.

Анын адвокаты Айым Камчыбекованын айтымында, Бактыбек Калмаматов расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу беренеси боюнча айыпталып жатат.

Бактыбек Калмаматовду бүгүн, 22-декабрда, аэропортто, кичи ажылыкка бара жаткан жеринен Чек ара кызматы өткөрбөй, аны кармоо тапшырмасы берилгендигин, бул адам укугун бузууга жатарын айтты.   

Кийинчерээк УКМК кызматкерлери анын кылмыш ишине күбө катары сурала турганын кошумчалады.   

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты