Эки тараптуу мамилелер тарыхында 1-жолу: министр Кулубаев Оманга расмий сапар менен барат

  • 1 месяц мурун

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын 11-12-февралында Омандын тышкы иштер министри Саид Альбусаидинин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу Оман султанатына расмий сапар менен барат.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирет.  

Сапардын алкагында тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландалган. Анын жүрүшүндө Кыргыз-Оман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий өз ара аракеттенүү, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык талкууланат.

Министр Жээнбек Кулубаев Омандын жетекчилиги жана бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты