Эки милиция кызматкерине кызматынан кыянат пайдалануу боюнча кылмыш иши козголду

  • 4 недели мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБдин ыкчам кызматкерлери Т. у. И. жана У. А. У.га кылмыш иши козголду.  

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э.уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арыз түшкөн. Аталган жаран буга чейин алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Арыз ээсинин далилдерин текшерүү учурунда айрым милиция кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдалануу белгилери аныкталган.

Бул факты боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр — Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБдин ыкчам кызматкерлери Т. у. И. жана У. А. У. Бишкек шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Тергөө иштери улантылууда.

Эки милиция кызматкерине кызматынан кыянат пайдалануу боюнча кылмыш иши козголду
Эки милиция кызматкерине кызматынан кыянат пайдалануу боюнча кылмыш иши козголду

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөттөр: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты