Эки алтын куймасын пара катары берүүгө шектүү кармалды

  • 2 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерине пара катары эки алтын куймасын берүүгө шектүү кармалды.

23-февралда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында оң чечим кабыл алуу үчүн УКМК кызматкерине жалпы салмагы 200 грамм болгон 2 алтын куймасын пара катары берүү учурунда 1978-жылдын 2-майында туулган Д.Р.Е. аттуу жаран кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Д.Р.Е. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Эки алтын куймасын пара катары берүүгө шектүү кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты