Екатеринбургдагы жаңжалдан жабыркаган кыргызстандык ооруканада дарыланууда

  • 3 недели мурун

5-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарынын автомагистраль көчөсүндө эки адамдын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташ жана ок атышуу менен аяктаган. Жабырлануучу 30 жаштагы Кыргыз Республикасынын К.у.А аттуу жараны.  Жабыркаган кыргызстандык Екатеринбург шаарындагы 23-ооруканага тез арада жеткирилген.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ТИМ маалыматында айтылгандай, кол салган жаран кылмыш болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда полиция кызматкерлери ок аткан адамды табуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында башкы консулдуктун кызматкерлери ошол эле күнү жабырлануучуга барышып, жакындары менен байланыш түзүштү, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушканы маалымдалды.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жарандын абалы туруктуу жана жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылышы күтүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты