“Эйр Манас” Орусияга каттамдарын убактылуу токтотту

  • 2 года мурун

Кыргызстандын “Эйр Манас” авиакомпаниясы 15-марттан 31-мартка чейин Орусияга каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги кабарлады.

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы “Эйр Манастын” бир эле учагы бар экенин, ал чартердик каттамдарды гана тейлеп жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, ушул күндөрү Бишкек-Москва багыты боюнча жергиликтүү “Авиатрафик”, Орусиянын “Аэрофлот” компаниясы каттамдарды аткарууда.

“Аэрофлот” 8-марттан баштап эл аралык каттамдарынын баарын убактылуу токтотуп, кайра 14-мартта Кыргызстанга каттамдарын жанданткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты