Акыйкатчы сабалган эгиз кыздардын укугун коргоону өз көзөмөлүнө алды

  • 5 месяцев мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева видео тасмада тараган энеси сабаган эгиз кыздардын укуктарын коргоону жеке көзөмөлүнө алды. 

Акыйкатчынын басма сөз кызматы белгилегендей, Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү сабалган кыздардын абалынан кабар алууга Араван райондук ооруканага барышкан. Бирок, өкүлчүлүк ошол учурда кыздарды атасы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн алып кеткендиктен жолуга алышкан эмес.

Өкүлчүлүк экспертиза жүргүзгөн Араван райондук соттук-медициналык эксперттер менен жолугуп, алардын кыздардын абалы тууралуу маалымат алышты. 

Эксперттердин айтуусунда, кыздардын денесинде көптөгөн көк-ала, шишик жана ийне менен сайылган тактар аныкталган. Медицина кызматкерлери жабыр тарткан кыздардын абалы орто оор, бирок туруктуу дешкен. 

Ошондой эле Акыйкатчынын өкүлдөрү Араван райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушкан. Алар берген маалыматка таянсак, тийиштүү документтер толук тапшырылбагандыктан, 2023-жылдын май айынан бери кыздарга жөлөк пул төлөнгөн эмес.

2022-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 30-апрелине чейин эгиз кыздардын ар бирине 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнүп келген.

Мындан тышкары өкүлчүлүктүн кызматкерлери Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып кыздарын сабагандыгы үчүн кармалган С.Д.га жолукту.

Кылмышка шектүү С.Д.окуя боюнча өз версиясын маалымдады. Анын айтымында, жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана анын апасы ага психологиялык басым жасап келишкен. Ызаланган ал ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөн.

“Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем, кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген” деп айтып берген.

Ал ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөн. Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин окуусун уланткан эмес.18 жашка чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болгон. Кийин жолдошу менен ажырашып кетип, балдары менен атасынын үйүнө кайтып келген. Бирок С.Д.нын атасынын карындашы анын атасынын үйүнө аны киргизбей койгон.

Аял андан кийин С. Х. аттуу жаран менен никеге туруп, анын туугандарынын үйүндө жашап калат, бирок кайын журту анын кыздарын кабыл алышкан эмес. Анын айтымында, кайын энеси эгиздерди сабап, кордоп келген.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү кармалган С. Д.нын айткандарын текшерүү үчүн тиешелүү органдарга билдирме жөнөттү.

Буга чейин социалдык тармакта аял кишинин эки баланы уруп жаткан видео тараган. Араван райондук ички иштер бөлүмү социалдык тармактарга мониторинг жүгүзүп, чогултулган материалдардын негизинде анын 21 жаштагы Д.С. аттуу тургун экенин аныктаган. Тергөөнүн жүрүшүндө Д.С. видеотасмада уруп жаткан балдар өзүнүн 2 жашар эгиз кыздары экендиги айтылды. Шектүү кыздарын заара ушатып койгондугу үчүн сабаганын билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде келинге rылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Уруп-сабап кыйноо”) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты