Египеттеги мелдеш: Эрназар Акматалиев алтын медалга ээ болду

  • 1 год мурун

Египеттеги рейтинг аныктоочу экинчи эл аралык мелдеште эркин күрөш боюнча 70 салмакта Эрназар Акматалиев америкалык атаандашын финалда 10:0 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болду.

Буга чейин кыргызстандык дагы бир спортчу Дайырбек Жумашбек уулу 61 кг салмакта украиналык атаандашын жеңип алып, алтын медалга татыктуу болду.

Египетте кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло медаль утту

Грек-рим күрөшү боюнча мелдештин командалык эсебинде Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунда келе жаткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты