Президент Жапаров Гиза пирамидаларына жана Чоң Мисир музейине барды
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров Мисирге болгон расмий сапарынын алкагында Гиза аймагындагы атактуу пирамидалар комплексин жана Чоң Мисир музейине барды.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Мамлекет башчыга Мисирдин эң байыркы цивилизациясынын жана маданий мурасынын символу болгон пирамидалардын тарыхы тууралуу айтып беришти.
Андан соң президент Мисирдин президенти тарабынан 2025-жылдын 1-ноябрында салтанаттуу түрдө ачылган Чоң Мисир музейине барды.
Музей байыркы Мисир артефакттарынын коллекциясы чогултулган дүйнөдөгү эң ири археологиялык музей болуп саналат.
Мамлекет башчы уникалдуу экспонаттар менен таанышып, музейдин дүйнөлүк маданий мурасты сактоодогу маанисин белгиледи.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




