Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы Египеттеги мелдеште коло медаль утту

  • 1 год мурун
Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы Египеттеги мелдеште коло медаль утту

Кыргызстандык спортчулар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде коло медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Эки спортчу кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты. Балбандар алгачкы кармаштарын ийгиликтүү баштаганы менен финалга чыга алышкан жок. Коло үчүн кармашта Жуманазарова (68 кг) америкалык Александрия Юнис Глодду 2:1 эсебинде жеңди.

Ал эми Айпери Медет кызы (76 кг) кытайлык Чжоу Цянды 3:0 эсебинде артта калтырды.9

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова алтын, грек-рим күрөшү боюнча Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) коло медалдын ээси болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты