Египеттеги мелдеш: Дайырбек Жумашбек уулу алтын медаль жеңип алды
- 1 год мурун
Египеттеги грек-рим күрөшү боюнча мелдеште кыргызстандык спортчу Дайырбек Жумашбек уулу 61 кг салмакта кечээ, 26-февралда беттешке чыгып, жеңишке жетишти. Ал украиналык атаандашын жеңип алып, алтын медалга татыктуу болду. Финалга чейин Жумашбек уулу Армения, Өзбекстан, Ирандан келген спортчуларды жеңип алган.
Бул — Египеттеги мелдеште кыргызстандыктардын экинчи алтын медалы. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова да алтын медаль тагынган. Египетте кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло медаль утту
Грек-рим күрөшү боюнча мелдештин командалык эсебинде Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунда келе жаткан.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү