Таласта Эгемендиктин 35 жылдыгын белгилөө учурунда өлкөдө бир катар объектилер ишке киргизилет
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 11-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас облусунда Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы белгиленет.
Ушул күнү бир катар обьектилер менен кошо, онлайн форматта өлкө аймагы боюнча 105 социалдык обьект, 60 ишкана ишке киришет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын Таласта белгилөөгө даярдыктар менен 1-сентябрда таанышып чыкты.
Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы адатта 31-августта майрамдалат. Ал эми 31-августта жана сентябрь айынын башында Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюумунун (ШКУ) саммити жана Көчмөндөр оюндары өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу, Эгемендиктин майрамдык салтанатын 11-12-сентябрда өткөрүү пландалган. Быйыл Көз карандысыздык 35 жылдыгы Талас облусунда майрамдалат. Өткөн жылы майрам Жалал-Абад облусунда өткөрүлгөн.
Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg




