Таласта Эгемендик майрамында төкмө акын Аалы Туткучев ырдабай калган себебин айтты   

12-13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 35 жылдыгы чоң салтанат менен Талас облусунда белгиленди. Көптөгөн коноктор, өнөр адамдары “Айтматов ааламы” комплексинин ачылышына, төө буурчак ишканасынын жана башка бир катар объекттердин ачылышына күбө болуп, майрамды белгилешти. Өлкөнүн президенти Садыр Жапаров баштаган бийлик адамдары Таластын жетишкендиктерин белгилеп, мындан аркы ийгиликтерди каалады. Бирок ошол салтанатка залкар төкмөлөрдүн жолун улаган айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев чакырылып, бирок бир күн калганда катышуучулардын тизмесинен чийилип калгандыгын айтты.

Кең Таластан чыккан, кыргызды кыйырга тааныткан Алымкул Үсөнбаев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев сыяктуу залкар төкмөлөрдүн жолун уланткан айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев Эгемендик салтанатына Талас облусунун губернатору тарабынан чакырылып,  бирок бир күн калганда тизмеден чийилип калганы маалым болду.

Салтанатка чакырылбай калган төкмө акын өзү таластык болуп туруп, облуста белгиленип жаткан учурда чакырылбай калса да, эл чакырып, барганы тууралуу төгүп ырдаганы социалдык тармактарда тарады.

Анда төкмө акынды угуп көрөлү:

…Болгондо да Таластын

Мынабу борбор тарапта,

Жети облус эл келип,

Курбу-курдаш тең келип,

Эгемендик майрамын белгилейм деп дем берип,

Бир ай мурун мени да губернатор чакырды.

“Той башталып жатканда

Ой, кантип кошпойбуз деп акынды”.

Анан бир күн калганда кайра чалып,

“Протокол келип, Аалы аке, чийип салды дейт атыңды”.

Ошон үчүн келе албай, туугандар,

Кечээ мен “от души” салам бере албай.

Ээ чоңдор чакырбаса мейличи,

Эл чакырат экен го,

Эгеменге келбесем,  

Элүү жашка келдим деп,

Кашыңда турам калдайган,

Мына бул тууган элим деп

Андан кийин силерге

Бакыт айтып силерге.

Ушул жерди карасам,

Ош, Баткен, Жалал-Абаддан,

Ысык-Көл, Нарын тараптан,

Кенен Чүй, Бишкек, Таластан,

Кыргызстан мейкинде

Намангандан, Тараздан.

Коноктордун баары бар.

Айрымдары Мекенге,

Эмгек менен таанымал,

Чогулуп келген коноктор,

Бар болгула баарыңар.

Баарыңарга саламын
Ыр менен айтат Аалыңар,

Бишкектен бери карата,

Жакындар менен жанаша   

Төрт жүз километр жол басып,

Төө-Ашуу менен Өтмөктөй

Бийик-бийик бел басып,

Учуп келдим биерге.

Эртерээк жетсем экен деп,

Сызып келдим биерге.  

Штраф бер аларга

Түшүп келдим биерге,

Көрсө Чүйдө бир дагы ГАИ жок,

ГАИлердин баарысы чогулуп туруп силерде

Көрсө баары жүрөт Таласта,

Каары жүрөт Таласта,

Карап-карап олтурсам,

Далайлар жүрөт Таласта,

Керек болсо, мугалим,

Агайлар жүрөт Таласта,

Ошончо элдин ичинен,

Жалгыз гана Аалынын,

Аты чийилип калат да…

Анткени менен мейличи,

Элим аман болсун дейличи…      

Сүрөттө: Төкмө акын Аалы Туткучев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты