ЕЭКте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушу жана «Луговая – Балыкчы» темир жол участогун электрлештирүү артыкчылыктуу долбоор аталды  

  • 2 года мурун

Евразия экономикалык кеңешинин комиссиясынын (ЕЭК) жыйынында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушу жана «Луговая – Балыкчы» темир жол участогун электрлештирүү артыкчылыктуу долбоорлор тизмесине кирди  

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынын (Витебск шаары, Беларусь Республикасы) өткөрдү.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында 25 маселе каралды.  

Тактап айтканда, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешин – көмөкчү органды түзүү маселеси жактырылды.

Ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин «ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизмеси жөнүндө» буйругунун долбоору жактырылды.

Бул тизмеге Кыргыз Республикасынын 2 долбоору кирет: «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу» жана «Луговая – Балыкчы» темир жол участогун электрлештирүү».  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты