ЕБнин өкүлчүлүгүнүн жаңы элчиси Мэрилин Йосефсон ишке киришти

  • 2 года мурун

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы элчиси, Мэрилин Йосефсон, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Жээнбек Кулубаевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Ошентип, ал расмий түрдө Кыргыз Республикасындагы өзүнүн милдеттерин аткарууга киришти.

Бул тууралуу ЕБ өкүлчүлүгүгүнүн ММК жана маалымат боюнча координатору Чынтемир Калбаев “ПолитКлиника” медиасына билдирди.

Кыскача салтанат Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде болуп өттү.

Министр Жээнбек Кулубаев элчи Мэрилин Йосефсонду жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди

мындан ары өнүктүрүү үчүн анын ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Элчи Мэрилин Йосефсон өз кезегинде министр Кулубаевге жылуу кабыл үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоого бекем ниетин баса белгиледи.

Келе жаткан айлардагы ЕБ менен Кыргызстандын кеңири күн тартибин эске алуу менен эки тарап алдыдагы эки тараптуу жана аймактык сапарларды жана иш-чараларды, анын ичинде Брюссель жетектеген GSP+ миссиясы менен бир убакта өтүүчү Евробиримдик-Кыргызстан адам укуктары боюнча диалогу жана ноябрда Самаркандда өтүүчү Борбор Азия менен ЕБ байланышы боюнча конференцияны талкуулашты.

Элчи Мэрилин Йосефсон швед дипломаты, буга чейин Европа Биримдигинин Тажикстандагы элчиси/делегациянын башчысы болуп иштеген, ошондой эле Брюсселдеги Европанын тышкы иштер кызматында иштеген.

Элчи Мэрилин Йосефсон швед, англис жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт, ошондой эле португал, испан жана орус тилдеринин негизин билет.

Сүрөт: ЕБ өкүлчүлүгү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты