Министр Кулубаев БУУга иш сапары менен барат
- 1 месяц мурун
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-8-апрель күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасына иш сапары менен барат.
Бул тууралуу тышкы иштер министринин басма сөз борбору билдирди.
Анда айтылгандай, Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин жана анын мындан ары чыңдалышын талкуулашат.
Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эл аралык кызматташтыктын алкагында аймактык уюмдардын жетекчилери менен бир катар жолугушуулар өткөрүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү