ЕБ Украинага жалпысынан бир жарым миллиард еврого аскердик жардам көрсөттү

ЕБ Украинага жалпысынан бир жарым миллиард еврого аскердик жардам көрсөттү.

Бул тууралуу Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель Киевдеги сапары учурунда билдирди.

Мишель Украина Президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Украин лидеринин айтымында, алар Орусияга каршы санкцияларды, мындан тышкары ЕБнын Киевге көрсөтүп жаткан жардамдарын талкуулашты.

Зеленский Украинанын Евробиримдикке кошулуу маселеси да талкууланганын билдирди. Жакында Киев альянска кирүү үчүн анкета толтуруп, аны Брюсселге тапшырган.

Мишель жакында эле орус аскерлери чыгып кеткен Киевдин түндүк-батышындагы Бородянка шаарчасына да барды. Украина орус аскерлерин жай тургундарга кыйноо көрсөтүүгө айыптоодо.

Еврокеңештин башчысы Бородянканы көрүп чыккандан кийин “Твиттерге”: “Тарых бул жерде болгон аскердик кылмыштарды унутпайт. Адилеттүүлүк орнобосо, тынчтык болбойт” деп жазды.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. БУУнун маалыматы боюнча бул убакыт аралыгында эки миңден ашуун киши каза тапты, алардын арасында балдар да бар. Курмандыктардын саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн. Беш миллиондон ашуун киши качкынга айланды. Өлкө ичинде жер которгондордун саны жети миллиондон көп.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты